Mynumer.com
  • Feed
  • Video
  • Albums
  • Blogs
  • Forum
  • Search
  • More
    • Members
    • Groups
    • Penny Auction
  • Diamond
    • Diamond
    • Platinum
    • Gold
  • Sign In
    • English
    • China Chinese
    • 日本語
    • Русский
    • Қазақ

Марат Токоев 1474

Surname

Токоев

Name

Марат

Patronymic

Шейшекеевич

Country Kyrgyzstan
0000001474
  • Number Category: Simple
  • Profile Views: 4,418 views
  • Friends: 1 friend
  • Last Update: October 18, 2015
  • Joined: October 17, 2014

Марат Токоев 1474

АЧЫЛБАГАН САНДЫКТА АЛЫКЕБИЗДИН ЭСКИРБЕС ЭСКИ ДЕПТЕРЛЕРИ
Арабыздан  Алым Токтомушев  өтүп кеткен күндөн бери жеке архивинен башымды көтөрө албай калдым. Тирүүсүндө чыгармачылык лабораториясына жакындан аралашкандай болуп жүргөнүм иштин чети эле экен. ...  more
АЧЫЛБАГАН САНДЫКТА АЛЫКЕБИЗДИН ЭСКИРБЕС ЭСКИ ДЕПТЕРЛЕРИ
Арабыздан  Алым Токтомушев  өтүп кеткен күндөн бери жеке архивинен башымды көтөрө албай калдым. Тирүүсүндө чыгармачылык лабораториясына жакындан аралашкандай болуп жүргөнүм иштин чети эле экен. Маркумдун жарыкка чыгарбай келген эмгектери арбын болуп чыкты. 1970-75-ж.ж. абыдан өндүрүмдүү иштептир. Кээ бир күнү 2-3төн ыр жазганын эски дептерлердеги ар бир ырдын “туулган күнүн” белгилеген даталардан билсек болот. Айтмакчы, мындан алты жыл мурда жарыкка чыккан “Эски дептер” аттуу китеби бекеринен “Эски дептер” аталбаптыр. Төрт калың дептеринин ичиндеги ырлардын көбү буга чейин эч жерде жарыяланбаганын туйдум. Мезгилдүү басмасөз беттеринде жарыяланган ырлары менен салыштырсам, али да жарыкка чыгалек керемет ырлары саргайган кагаз беттеринде калып келиптир. Ал ырларга мезгил менен окурмандан өтөр сынчы жок эми. Көбү купуя сезимдеги ырлар, аны Алыкедей улуу акынды жакындан билгендер туят…
Олжобай ШАКИР
ПОЭЗИЯ
Дүйнө бар мени менен бирге келген,
дүйнө бар мени менен бирге кеткен…
О менин махабатым айтылбай калган,
о менин искусством өрткө күйгөн.
Күндөрүм аян күткөн…
18.10.70-ж.
 
ТАБЫЛДЫ МУКАНОВ
Дүйнөнү таштап кеттиң кайран гений!
Ал сага тардык кылган ушунчалык.
Мүрзө эми болуп берер сага “кең үй”
сени эми санат кылар ушул жарык.
Чатырап чарт жарылган бул турмушта
не ойлоп, болдуң экен неге куштар?
Өмүрлөр агып жатат бир нук менен
өмүрлөр калып жатат не бир нуска.
Не күлдүң, сен эмнеге азап чектиң,
ачылдың, акырында калдың актай.
Белгисиз шамалдарга шейит кеттиң
күздөгү күмүш саамай жалбырактай.
Дүйнөнү таштап кеттиң кайран гений,
арылып сан түйшүктөн калдың жыргап…
Мүрзө эми болуп берер сага “кең үй”
мүрзө эми бир жаныңа тардык кылбас.
13-октябрь, 1971-ж.
 
КАР ЖААГАН ТҮН
Менде жок келчү мейман, кетчү мейман.
Кар гана балбалактап көмөт тышты.
Баштадым даа бир кышты…
Менде жок келчү мейман, кетчү мейман.
Түн узун бир шумдуктуу.
Сандаган элестердин арасынан
мен өзүмдү таап араң
туурулган колум менен
сылаймын жымжырттыктын маңдайынан.
(Эшигим ачылчудай болот менин)
Жымжырттыктын нар жагында
жымжырттыктын духун сыгып,
апамдын назга толгон колу менен
алып келип берчүдөй болот мага.
Менде жок келчү мейман, кетчү мейман.
Кар гана аппак сүткө боёйт тышты.
Капырай, ит жаң-жуңу эстен чыкты.
(Эшигим ачулчудай болот менин).
Менде жок келчү мейман, кетчү мейман.
Кирпик каткан.
Уйку качкан.
Кар гана акактантат картаң дубду.
(Эшигим ачылчудай болот менин)
15.11.70.
 
* * *
Көшүгөн бейкут. Көгөргөн жымжырт.
Күрүлдөйт дөөдөй көчөдө турмуш.
Самсыган булут бактыма толот.
Сандаган элес басчудай болот.
Денелер бүтүн. Жарасыз эч жер.
Агарган таңдар. Кызгылтым кечтер.
Жылдыздар тунуп, шоодурап учкан.
Шоокумдуу жүрөк. Шойкомдуу кыздар.
Болоттон катуу, албарстан өткүр,
Ажайган не бир ак өткөн мезгил.
Бардыгы мында… жандүйнөм тинтип.
Ирмелсе кирпик, качышат үркүп…
Талыкшып таңдай атканда көзүм,
Айланам тегиз төрт чарчы сепил.
Ананбы, анан… баягы турмуш…
Аркандап салган… ордуңан жылгыс…
Апаңдын аппак мамасын алып,
Оозуңа койгон чылымды салып…
Ананбы, анан… баягы турмуш…
15.12.70-ж.
 
АВТОПОРТРЕТ
Алдыда жылдар… айлар…
мунарык андан нары,
чабылган бир-бирине горизонттор,
келемин тагдыр мүшкүл жолдор менен,
турмуштун дал өзүндөй кайгы-шатмын.
Болгон бактым:
зар какшап, азап чекпөө бакытты эңсеп.
Болгон кайгым:
бир ишти баштап атып кетип калуу.
Кубанычым:
бир ишти бүтүп туруп өлүп калуу.
(Кээде мен ойлоп кетем, мунун баары МЕЗГИЛ менен МЕЙКИНДИКтин ортосундагы өзүмдү өзүм алдап-соолап чабылуум деп).
Ишеничим:
чындык барда жашайт түрмө.
Талаада чиринди да кымбат мага.
(Анткени билип алгам: бүгүн чиринди, а эртең мен ичкен сүт экендигин).
Мен үчүн министр да,
коомдун ар кандай ишмерлери,
каамыттай даңк илинген жазуучулар,
банктардын кызматкерлери эмес, бирок,
АДАМДАР бар!
Эң акыркы кейип-кепчип байкаганым Адамдардан:
айбан чалыш адамдарды тиреп жүргөн
айбан чалыш адамдар!
Саат — 16-22. 12.70-ж.
 
* * *
Төрөлдүң… Төрөлгөнүң энең көрдү…
Эл көрдү…Төрөлгөнүң көрдү дүйнө…
Күрөң так болгон эмес денеңде бир,
Күткөн жок төрөлгөндө сени түрмө.
Ойдо жок ыр жазат деп чуулгандуу,
Ойношчул коюндарга өлөт деген.
Тек гана: бир перизент туулган бу
Жашоодо жана жашай берет деген.
Жашадың. Шарап ичтиң. Катын сүйдүң.
Дууладың. Кадыресе чектиң азап…
Акыры басты сени кайдан күүгүм,
Бардыгын сен эмнеге кеттиң таштап…
20.10.71-ж.
 
ПОЭЗИЯ
Бир сүрөт тартып алды кыз алфальтка,
эмнени тартканын да түшүнбөйт ал.
Окшойбу башы Күнгө,
а мүмкүн жөн эле бир күнкарама,
жылдызбы тегереги;
а мүмкүн жылдыз эмес тирүү көздүр…
чачтары тармал-тармал.
А мүмкүн бул чач эмес, түрдүү чөптүр…
Бир сүрөт тартып алды кыз асфалька,
жыргады өнөрүнө маашыр болуп.
Бир карап бу жагынан, а жагына,
бир карап а жагынан, бу жагына
бир сүрөт тартып алды кыз асфалька.
Жол менен келе жаткан азиз адам
(А мүмкүн тубасадыр,
а мүмкүн өткөн согуш белегидир,
бу жерде эч мааниге ээ эмес ал)
кыз тарткан а сүрөттү тепсеп кетти.
Кыз болсо өксөп-өксөп ыйлап ийди.
8-апрель, 1971-ж.
 
* * *
Бардым мен тереземе.
Боройлоп жаткан экен жамгыр төгүп.
Көчөлөр ээн…
Шыпырып жүрөт аны карыган чал бир.
Күн куят көнөк-көнөк,
чал болбой өжөрлөнөт.
Чалгыдай шилтейт, шилтейт шыпыргысын
түгөнүп кетүүчүдөй ыпыр бүтүн,
тазарып калуучудай бүгүн дүйнө…
чалгыдай шилтейт, шилтейт шыпыргысын…
12-апрель, 1971-ж.

ӨЛГӨНДӨР
Өлгөндөр көрүстөндө курат үлпөт!
Алгыла тагдырлар, таажыңарды!
Мынакей чиркин, эркиндик деген!
Сени эми мыкчып турбайт бир да булчуң,
сени эми тырыштырбайт тарамыштар.
Өлгөндөр жатышат жыргап гана:
катышпай көңүл келбес жыйналышка,
чуркабай орден, кызмат, даңк-атакка…
карганып жанын жебей
тыйынга сары чака…
Бирөөнү сүйөм дебей,
жек көрбөй бирөөлөрдү.
Жатышат үлпөт куруп бейпил гана.
Тагдырлар алгыла, таажыңарды!
…үй курдум мүрзө үстүнө,
Терметкен шамал-тагдыр.
Астымда Жер.
Чакчаят Күн төбөдө.
19.06.71-ж.
 
* * *
Бир караан келди кайра
кушубак күнзарыма бүлүк салып.
Оттуу чаар дидары.
Көзүндө күңүрт жарык
деди – Алым!
тааныдыңбы жатындаш тууганыңды,
доктор Фауст жаштыгында
дууладык биз.
Анан мен кеттим житип
убакытка
мезгилге
мейкиндикке
кеттим житип…
Житип кеттим, житип кеттим
чөптөрдүн демдерине,
сүттөрдүн даамдарына.
Тирилттим дендерди мен
каардуу да, өткүр да кылдым аларды,
тааныдыңбы,
жатындаш тууганыңды…
Эх, бардыгы сыйбай кетет
эч тилге…
анан ал сүйлөп кирди
чет тилде…
17.10.71-ж.
Алым ТОКТОМУШЕВ  less
  • What's New
  • Info
  • Albums(2)
  • Forum Topics(1)
  • Surname

    Токоев

    Name

    Марат

    Patronymic

    Шейшекеевич

    Country Kyrgyzstan
    0000001474
    Марат Токоев 1474 is now friends with Мирлан Артышов 7775.
    • October 18, 2015
  • Surname

    Токоев

    Name

    Марат

    Patronymic

    Шейшекеевич

    Country Kyrgyzstan
    0000001474
    Марат Токоев 1474 Кантип бат окуганды үйрөнсө болот? Spritzlet сайты
    Жөнөкөй адам орточо алганда мүнөтүнө 120-180 сөз окуйт. Атайын көнүгүүлөрдү аткаруу менен аны бир канча эсе өстүрсө болот. Башкача айтканда, мурда бир китепти окуганга кетирген убакытта эми 3-4 же андан...  more
    Кантип бат окуганды үйрөнсө болот? Spritzlet сайты
    Жөнөкөй адам орточо алганда мүнөтүнө 120-180 сөз окуйт. Атайын көнүгүүлөрдү аткаруу менен аны бир канча эсе өстүрсө болот. Башкача айтканда, мурда бир китепти окуганга кетирген убакытта эми 3-4 же андан да көп китепти окуганга жетише аласыздар. Бул азыркы заманда эң пайдалуу нерсе. 
    Толугу менен  
    Кантип бат окуганды үйрөнсө болот? Spritzlet сайты | Пайда.KG
    Кантип бат окуганды үйрөнсө
    • September 7, 2015
    • <img src="./application/modules/Mynumer/externals/images/normal.png" border="0" id="number_category_icon" /> <span>Марат Токоев 1474</span>
      1010 жакшы пайдалуу прооармма экен.
      • September 7, 2015
  • Surname

    Токоев

    Name

    Марат

    Patronymic

    Шейшекеевич

    Country Kyrgyzstan
    0000001474
    Марат Токоев 1474 has added a new profile photo.
    • September 6, 2015
  • Surname

    Токоев

    Name

    Марат

    Patronymic

    Шейшекеевич

    Country Kyrgyzstan
    0000001474
    Марат Токоев 1474 posted a topic in the forum Interests and Hobbies:
    Пайдалуу маалыматтар сайты
    Адамдын күнүмдүк жашоосунда керек болгон пайдалуу нерселер тууралуу маалыматтар мене кеңештерди "Пайда.KG" сайтынан тапсаңар болот - https://paydaluu.wordpress.com/. Бул кыргыз тилиндеги ушундай маалыматтарга адистешкен биринчи сайт.
    Пикирлештер...  more
    Адамдын күнүмдүк жашоосунда керек болгон пайдалуу нерселер тууралуу маалыматтар мене кеңештерди "Пайда.KG" сайтынан тапсаңар болот - https://paydaluu.wordpress.com/. Бул кыргыз тилиндеги ушундай маалыматтарга адистешкен биринчи сайт.
    Пикирлештерден турган чакан топ сайтты толтуруу боюнча ишин алып барат. Керектүү маалыматтар, кеңештер учурдун талабына жараша даярдалып турмакчы. Бирок сиздер да айрым темаларды сунуштап турсаңыздар болот. Аны сайттын “Ой-пикирлер, сунуштар” барагында калтырсаңыздар болот же paydaluu@gmail.com дарегине жазыңыздар.  less
    • September 6, 2015
  • Surname

    Токоев

    Name

    Марат

    Patronymic

    Шейшекеевич

    Country Kyrgyzstan
    0000001474
    Марат Токоев 1474 АЧЫЛБАГАН САНДЫКТА АЛЫКЕБИЗДИН ЭСКИРБЕС ЭСКИ ДЕПТЕРЛЕРИ
    Арабыздан  Алым Токтомушев  өтүп кеткен күндөн бери жеке архивинен башымды көтөрө албай калдым. Тирүүсүндө чыгармачылык лабораториясына жакындан аралашкандай болуп жүргөнүм иштин чети эле экен. ...  more
    АЧЫЛБАГАН САНДЫКТА АЛЫКЕБИЗДИН ЭСКИРБЕС ЭСКИ ДЕПТЕРЛЕРИ
    Арабыздан  Алым Токтомушев  өтүп кеткен күндөн бери жеке архивинен башымды көтөрө албай калдым. Тирүүсүндө чыгармачылык лабораториясына жакындан аралашкандай болуп жүргөнүм иштин чети эле экен. Маркумдун жарыкка чыгарбай келген эмгектери арбын болуп чыкты. 1970-75-ж.ж. абыдан өндүрүмдүү иштептир. Кээ бир күнү 2-3төн ыр жазганын эски дептерлердеги ар бир ырдын “туулган күнүн” белгилеген даталардан билсек болот. Айтмакчы, мындан алты жыл мурда жарыкка чыккан “Эски дептер” аттуу китеби бекеринен “Эски дептер” аталбаптыр. Төрт калың дептеринин ичиндеги ырлардын көбү буга чейин эч жерде жарыяланбаганын туйдум. Мезгилдүү басмасөз беттеринде жарыяланган ырлары менен салыштырсам, али да жарыкка чыгалек керемет ырлары саргайган кагаз беттеринде калып келиптир. Ал ырларга мезгил менен окурмандан өтөр сынчы жок эми. Көбү купуя сезимдеги ырлар, аны Алыкедей улуу акынды жакындан билгендер туят…
    Олжобай ШАКИР
    ПОЭЗИЯ
    Дүйнө бар мени менен бирге келген,
    дүйнө бар мени менен бирге кеткен…
    О менин махабатым айтылбай калган,
    о менин искусством өрткө күйгөн.
    Күндөрүм аян күткөн…
    18.10.70-ж.
     
    ТАБЫЛДЫ МУКАНОВ
    Дүйнөнү таштап кеттиң кайран гений!
    Ал сага тардык кылган ушунчалык.
    Мүрзө эми болуп берер сага “кең үй”
    сени эми санат кылар ушул жарык.
    Чатырап чарт жарылган бул турмушта
    не ойлоп, болдуң экен неге куштар?
    Өмүрлөр агып жатат бир нук менен
    өмүрлөр калып жатат не бир нуска.
    Не күлдүң, сен эмнеге азап чектиң,
    ачылдың, акырында калдың актай.
    Белгисиз шамалдарга шейит кеттиң
    күздөгү күмүш саамай жалбырактай.
    Дүйнөнү таштап кеттиң кайран гений,
    арылып сан түйшүктөн калдың жыргап…
    Мүрзө эми болуп берер сага “кең үй”
    мүрзө эми бир жаныңа тардык кылбас.
    13-октябрь, 1971-ж.
     
    КАР ЖААГАН ТҮН
    Менде жок келчү мейман, кетчү мейман.
    Кар гана балбалактап көмөт тышты.
    Баштадым даа бир кышты…
    Менде жок келчү мейман, кетчү мейман.
    Түн узун бир шумдуктуу.
    Сандаган элестердин арасынан
    мен өзүмдү таап араң
    туурулган колум менен
    сылаймын жымжырттыктын маңдайынан.
    (Эшигим ачылчудай болот менин)
    Жымжырттыктын нар жагында
    жымжырттыктын духун сыгып,
    апамдын назга толгон колу менен
    алып келип берчүдөй болот мага.
    Менде жок келчү мейман, кетчү мейман.
    Кар гана аппак сүткө боёйт тышты.
    Капырай, ит жаң-жуңу эстен чыкты.
    (Эшигим ачулчудай болот менин).
    Менде жок келчү мейман, кетчү мейман.
    Кирпик каткан.
    Уйку качкан.
    Кар гана акактантат картаң дубду.
    (Эшигим ачылчудай болот менин)
    15.11.70.
     
    * * *
    Көшүгөн бейкут. Көгөргөн жымжырт.
    Күрүлдөйт дөөдөй көчөдө турмуш.
    Самсыган булут бактыма толот.
    Сандаган элес басчудай болот.
    Денелер бүтүн. Жарасыз эч жер.
    Агарган таңдар. Кызгылтым кечтер.
    Жылдыздар тунуп, шоодурап учкан.
    Шоокумдуу жүрөк. Шойкомдуу кыздар.
    Болоттон катуу, албарстан өткүр,
    Ажайган не бир ак өткөн мезгил.
    Бардыгы мында… жандүйнөм тинтип.
    Ирмелсе кирпик, качышат үркүп…
    Талыкшып таңдай атканда көзүм,
    Айланам тегиз төрт чарчы сепил.
    Ананбы, анан… баягы турмуш…
    Аркандап салган… ордуңан жылгыс…
    Апаңдын аппак мамасын алып,
    Оозуңа койгон чылымды салып…
    Ананбы, анан… баягы турмуш…
    15.12.70-ж.
     
    АВТОПОРТРЕТ
    Алдыда жылдар… айлар…
    мунарык андан нары,
    чабылган бир-бирине горизонттор,
    келемин тагдыр мүшкүл жолдор менен,
    турмуштун дал өзүндөй кайгы-шатмын.
    Болгон бактым:
    зар какшап, азап чекпөө бакытты эңсеп.
    Болгон кайгым:
    бир ишти баштап атып кетип калуу.
    Кубанычым:
    бир ишти бүтүп туруп өлүп калуу.
    (Кээде мен ойлоп кетем, мунун баары МЕЗГИЛ менен МЕЙКИНДИКтин ортосундагы өзүмдү өзүм алдап-соолап чабылуум деп).
    Ишеничим:
    чындык барда жашайт түрмө.
    Талаада чиринди да кымбат мага.
    (Анткени билип алгам: бүгүн чиринди, а эртең мен ичкен сүт экендигин).
    Мен үчүн министр да,
    коомдун ар кандай ишмерлери,
    каамыттай даңк илинген жазуучулар,
    банктардын кызматкерлери эмес, бирок,
    АДАМДАР бар!
    Эң акыркы кейип-кепчип байкаганым Адамдардан:
    айбан чалыш адамдарды тиреп жүргөн
    айбан чалыш адамдар!
    Саат — 16-22. 12.70-ж.
     
    * * *
    Төрөлдүң… Төрөлгөнүң энең көрдү…
    Эл көрдү…Төрөлгөнүң көрдү дүйнө…
    Күрөң так болгон эмес денеңде бир,
    Күткөн жок төрөлгөндө сени түрмө.
    Ойдо жок ыр жазат деп чуулгандуу,
    Ойношчул коюндарга өлөт деген.
    Тек гана: бир перизент туулган бу
    Жашоодо жана жашай берет деген.
    Жашадың. Шарап ичтиң. Катын сүйдүң.
    Дууладың. Кадыресе чектиң азап…
    Акыры басты сени кайдан күүгүм,
    Бардыгын сен эмнеге кеттиң таштап…
    20.10.71-ж.
     
    ПОЭЗИЯ
    Бир сүрөт тартып алды кыз алфальтка,
    эмнени тартканын да түшүнбөйт ал.
    Окшойбу башы Күнгө,
    а мүмкүн жөн эле бир күнкарама,
    жылдызбы тегереги;
    а мүмкүн жылдыз эмес тирүү көздүр…
    чачтары тармал-тармал.
    А мүмкүн бул чач эмес, түрдүү чөптүр…
    Бир сүрөт тартып алды кыз асфалька,
    жыргады өнөрүнө маашыр болуп.
    Бир карап бу жагынан, а жагына,
    бир карап а жагынан, бу жагына
    бир сүрөт тартып алды кыз асфалька.
    Жол менен келе жаткан азиз адам
    (А мүмкүн тубасадыр,
    а мүмкүн өткөн согуш белегидир,
    бу жерде эч мааниге ээ эмес ал)
    кыз тарткан а сүрөттү тепсеп кетти.
    Кыз болсо өксөп-өксөп ыйлап ийди.
    8-апрель, 1971-ж.
     
    * * *
    Бардым мен тереземе.
    Боройлоп жаткан экен жамгыр төгүп.
    Көчөлөр ээн…
    Шыпырып жүрөт аны карыган чал бир.
    Күн куят көнөк-көнөк,
    чал болбой өжөрлөнөт.
    Чалгыдай шилтейт, шилтейт шыпыргысын
    түгөнүп кетүүчүдөй ыпыр бүтүн,
    тазарып калуучудай бүгүн дүйнө…
    чалгыдай шилтейт, шилтейт шыпыргысын…
    12-апрель, 1971-ж.

    ӨЛГӨНДӨР
    Өлгөндөр көрүстөндө курат үлпөт!
    Алгыла тагдырлар, таажыңарды!
    Мынакей чиркин, эркиндик деген!
    Сени эми мыкчып турбайт бир да булчуң,
    сени эми тырыштырбайт тарамыштар.
    Өлгөндөр жатышат жыргап гана:
    катышпай көңүл келбес жыйналышка,
    чуркабай орден, кызмат, даңк-атакка…
    карганып жанын жебей
    тыйынга сары чака…
    Бирөөнү сүйөм дебей,
    жек көрбөй бирөөлөрдү.
    Жатышат үлпөт куруп бейпил гана.
    Тагдырлар алгыла, таажыңарды!
    …үй курдум мүрзө үстүнө,
    Терметкен шамал-тагдыр.
    Астымда Жер.
    Чакчаят Күн төбөдө.
    19.06.71-ж.
     
    * * *
    Бир караан келди кайра
    кушубак күнзарыма бүлүк салып.
    Оттуу чаар дидары.
    Көзүндө күңүрт жарык
    деди – Алым!
    тааныдыңбы жатындаш тууганыңды,
    доктор Фауст жаштыгында
    дууладык биз.
    Анан мен кеттим житип
    убакытка
    мезгилге
    мейкиндикке
    кеттим житип…
    Житип кеттим, житип кеттим
    чөптөрдүн демдерине,
    сүттөрдүн даамдарына.
    Тирилттим дендерди мен
    каардуу да, өткүр да кылдым аларды,
    тааныдыңбы,
    жатындаш тууганыңды…
    Эх, бардыгы сыйбай кетет
    эч тилге…
    анан ал сүйлөп кирди
    чет тилде…
    17.10.71-ж.
    Алым ТОКТОМУШЕВ  less
    • October 17, 2014
    • Мирлан Артышов 7775 likes this.
View More
Loading ...

Personal Information

  • First Name Марат
  • Last Name Токоев
  • Patronymic Шейшекеевич
  • Country Kyrgyzstan
  • Gender Male
  • Birthday January 5, 1970

Contact Information

  • Twitter https://twitter.com/Temirlik
  • Facebook https://www.facebook.com/tokoevm
  • Дубалдагы ­фотосүрөтт­өр 1 photo

  • Фото профи­ля 1 photo

Previous
Next
  • Last post by Марат Токоев 1474 September 6, 2015
    5,584 views
    0 replies
    Пайдалуу маалыматтар сайты
Previous
Next
О проекте Terms of Service Contact Реклама
www.megastock.ru
Copyright ©2025
Connect with us:
Share