1010's Blog

Жаш келинге арзып калдым окшойт... Бүлөлүү эркектин баяны

Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында көңүлдөшүнө арзып калган бүлөлүү эркектин жашоосу баяндалат.

— Үй-бүлөлүүмүн, эки баланын атасымын. Жашым 40ка чукулдап калды. Жакшынакай аялым, мончоктой болгон кыздарым бар.

 

 
Эки кыздуу болгондон кийин келинчегим экөөбүздүн мамилебиз мурункудай болбой, муздай баштады. Өзүн өтө жакшы көргөн аял. Экөөбүз тең эле жакшы жумуштарда иштейбиз, жашообуз кудайга шүгүр болчу, ага карабай мага болгон талабы күндөн-күнгө көбөйө баштады. Сырткы келбети сулуу болгону менен төшөктө муздак болчу. Акыркы күндөрү болбогон эле нерселер үчүн көп уруша баштадык.

 

Көңүлүм чөгүп жүргөн кезде өзүмдү алаксытыш үчүн аялдарга бара баштадым… Жиним, ызам менен. Тааныштарым аркылуу бир келин таап алгам. Башында ага жөн гана эркектик моокумумду кандырыш үчүн анда-санда эле барчумун. "Үй-бүлөм бар, болгону экөөбүз анда-санда эле жолугуп туралы" деген сунуш менен кошулгам. Ал да аныма макул болгон. Бара-бара ал башынан өткөн окуяларын айтып берип, мага жылуу мамиле жасап, айтор өзүнө тартып алды. Минтип ала жипти аттап жүргөнүмө жарым жыл болуп калды. Бирок аялыма эч нерсе билгизген жокмун, өзү деле мендеги өзгөрүүнү байкаган жок.

Кылыгы чыгып, көздөрүн жайнаткан кыздарымды кантип бир келинге кыйып кетем. Аялымчы… бул кылыгымды укса, ал кыздарды алып басып кетет, жөн ажырашпай сот менен ажырашат. Анын кыялын жакшы билем. Бирок үй-бүлө бузулса, кайра калыбына келбейт да. Кыздарымды атасыз, бөлөк өстүргүм келбейт.

Келинчегим мага суз мамиле жасай баштаганда "мунун башка бирөөсү жокпу" деп да байкап көргөм. Бирок кыялы эле болбосо, мага окшоп жаман жолго баспайт, аны да аяп кетем.

 

Кол чатыр астында турган жуп. Архив
 
Көңүлдөш келинди да кыя албай кыйналдым. "Болду, барбайм" деп өзүмө жакшы эле сөз берем. Бирок ага кантип кетип калганымды түшүнбөй калам. Башымды айлантып алгыдай шуулдаган, өтө сулуу деле неме эмес. Жөнөкөй, назик жан.

 

Кыздарымдын, аялымдын көзүн карай албай кыйналам. Кайнатамдар менен менин ата-энем жакшы катышкан кудалардан. Бул кылыгымды укса эмне дешет? Менден андайды эч ким күтпөсө керек. Бирок башкага арзып калдым…

Кырдаалдан кантип чыгам?

"Психоанализ. кг" психотерапия борборунун жетекчиси Муратбек Султанбеков

— Үй-бүлө, жашоо бул "мындай кылып көрөйүн, болбосо тигиндей кылам" дегендей оюнчук эмес. Бүлө бузулса, мамлекет ураганга барабар. Кайра жарашкан күндө да баягыдай жашоо болбойт, ынтымак ыдырайт, ишенич жоголот. Өзү айткандай, кыздар атасыз өсөт. Кээ бир ажырашкан эркектер "балдарыма барып турам, алимент төлөйм" дейт. Бирок барып турган менен чогуу жашагандын айырмасы асман менен жердей. Ар бир бала атанын да, эненин да мээримине бөлөнүп, толук кандуу үй-бүлөдө чоңойгусу келет. Аялын деле жакшы көрүп алып, пландап балалуу болушкан да. Эми ички пикир келишпестик же "дискомфорттун" айынан аларды ара жолго таштап кеткен эркектик сапатка жатпайт.

Эркектик сапатка ошондой эле аялынын чечимин күтүү да жатпайт. Эркек чечкиндүү болушу керек. Жубайын сулуу кылам деген эркек сулуу кылып коет. Балким, келинчеги андан бир чечкиндүү кадам күтүп жаткандыр…

 

 
Бул кишинин өзү чече албай жаткан ички конфликтилери бар. Анысын ачык айта албай, көңүлдөш келинин же аялынын ага көңүл бурбай жатканын шылтоо кылып жатат. Аны менен өзүн алдоодо. Мындай учурлар даяр жашоодон дагы жаралышы мүмкүн. Эгер бул адам майып же колунда жок болсо, эч качан мындай жолго бармак эмес. Ичтеги боштукту толтуруп, өзүн алаксытыш үчүн дагы мындай кадамдарды кылып жатышы мүмкүн. Үй-бүлөдө гармония, теңдик болбосо, аял-эркектин ортосунда пикир келишпестик жарала берет, төшөктө да муздак болушат.

 

Баарын өзү чечет, өз тагдыры өз колунда. Ошондуктан шашып бир чечим чыгарбай, ойлонсун. Үй-бүлөсү жок жашай алабы? Же "арзып калдым" деген көңүлдөш келини менен кантип жашайт? Баарын реалдуу элестетип көрсүн.

Аялын таптакыр жек көрүп, көргүсү келбей калган жок да. Аны аяп жатат, демек, ага болгон сезимдери дагы эле өчө элек. Болгону "мага мындай кылсаң, мен минтем" деп коркутуп жаткандагы кербези болушу мүмкүн. Өзүн убактылуу алдап жатат, бирок жыйынтыгы жаман болот. Бузулган үй-бүлөнү кайра калыбына келтириш кыйын. Ошондуктан жакшылап ойлонсун, аялына болгон сезимин текшерсин. Үй-бүлөнү сактап калуу аялдын эле эмес, эркектин да милдети. Мамилелерин чыңдоо үчүн ар кандай аракеттерди жасап көрсүн, чечкиндүү кадамдарга барсын. Эгер "жок, кыздарым, аялымды тандайм" деген чечим кабыл алса, аялына билгизбей тезинен көңүлдөш келинден алыстасын. Акыркы чечимди бир гана өзү кабыл ала алат.



Дагы: https://sputnik.kg/society/20181208/1042334174/psihologdo-buloluu-ehrkektin-bayany.html


0 comments